super.kg logo

Бишкектик жаштардын арасында велосипед тебүү популярдуу болууда (фоторепортаж)

 
Орто ылдамдыкта велосипед тепкен адам мүнөтүнө 7 же саатына 200 калориясын сарптайт.
Велосипед тебүү сан булчуңдарынын өрчүшүнө жана кымча белдүү болууга шарт түзөт.
Бул үй-бүлөгө ылайыкталган 3-орундуу велоунаа.
Велосипеддердин ижара баасы 50 сомдон 150 сомго чейин. Спорттук түрүндөгү, бир орундуу, эки орундуу жана үч орундуулары бар. Ошондой эле велоунааларды да табууга болот.
Белгилүү актриса Мила Йовович кызы менен.
Дүйнө жүзү боюнча миңдеген айымдардын жүрөгүн багынткан актёр Леонардо Ди Каприо да велосипедчен сейилдегенди жактырат.
Брэд Питт жубайы Анжелина Жоли жана балдары менен...
Ар дайым ар кандай чатактардын жылдызы болгон Перис Хилтон велосипед тээп баратат.
Актёр Жим Керри интервью учурунда велосипедди кандай ыкмалар менен тепкенди билгендиги менен бөлүшүүдө.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана президент Владимир Путин...
Комедиялык жанрда ийгилик жараткан актёр Адам Сэндлер велосипедди жөн гана теппестен, халат кийип алып тээп жатканы жылмаюуну жаратат.
Амстердамдагы велосипед токтотуучу жай. Чет элдик изилдөөлөргө таянсак, велосипед тебүүнүн ден соолукка тийгизген пайдасы көп.
Белгилүү ырчы Мадонна да велосипед тепкенди жактырат.
Чет өлкөнүн бир катар мамлекеттеринде бийлик жетекчилиги унаа эмес, велосипед менен каттайт. Бул сүрөттө Флоренциянын мэри Маттео Рензи кызматтык жумуштарын бүтүрүп жүргөн кези.
Достордун велосипед тебүү боюнча таймашын убактылуу токтотуп, аларга сүрөткө түшүп алып, анан улантууну сунуштадым. Алар дароо макул болушту.
Аянтта жаштар гана эмес, үй-бүлөлүлөр да балдары менен велосипед тээп сейилдеп жүрүшөт.
"Ала-Тоо" аянтынын айланасында велосипедди ижарага берүүчү жайлар жетиштүү.
Велосипед тебүүгө мырзалардын гана эмес, айымдардын да кызыгуусу күч алууда.
Велосипедди жалгыз тепкендерге караганда түгөйлөр жана үй-бүлөлөрү менен тепкендердин саны көбүрөөк.
Достор арасындагы мелдеш мындай жагымдуу сүрөт менен коштолду.
Аянтта велосипед тепкендер күндөн-күнгө өсүүдө.
Велосипед үй-бүлөлүк эс алууга да өтө ыңгайлуу.
Тарых музейинин алдында велосипед тепкендердин саны арбын. Чоң ылдамдыкта ары-бери өтүп жаткан велосипедчендерге көңүл бурбай коюу мүмкүн эмес.
Велосипед тебүүнү каалагандарга жактырган түстөгү жана үлгүдөгүсүн тандаганга мүмкүнчүлүк бар.
Рулду кармабастан шамалга көкүрөгүңдү тосуп, велосипедди минтип тебүү өзгөчө рахат тартууласа керек.
Велосипед тепкендердин басымдуу бөлүгүн мырзалар түзөт.
"Ала-Тоо" аянтында велосипед тебүү көзгө жагымдуу көрүнөт.
Велосипедди тебүүнү жактыргандар арбын экенин бул сүрөттөн көрсө болот.
Бир кездеги таттуу түгөйлөр деп айтылып келген Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова да велосипед тепкенди жактыргандыгын бул сүрөт тастыктаса керек.

Бишкекте мындан эки жыл мурун жаштар арасында скейт тебүү аябай популярдуу болгон. Тарых музейинин айланасы скейт тебүүчүлөрдүн чогулуучу жайына айланып калган. Түштөн баштап түн бир убакка чейин ары-бери сызып, бири-бири менен жарышып жаткан жаштар көңүл чордонунда эле. 

Андан кийинки жылы жаштар арасында чыгырыктуу коньки (ролик) тебүү модага айланды. Бул жылы “Ала-Тоо” аянтынын айланасында велосипед тепкендер көзгө урунат. Аянтта ижарага велосипед берүүчүлөр кескин көбөйгөнүн баарыбыз эле байкасак керек. Учурда ар кандай веложарыштар уюштурулуп, ал тургай кечээ мэриянын алдында велосипед токтотуучу жай ачылды. 

Учурда бир катар чет мамлекеттерде бийлик жетекчилигинин өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер кымбат баалуу унаалардан велосипедге өтүшкөн. Мисалы, Германияда мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер велосипедчен жүрүшөт. Чет өлкөлөрдө айрым министрликтерде атайын кызматтык велосипеддер каралган. Ким билсин, балким, жакынкы жылдарда жаштар арасында популярдуу болгон велосипед мамлекеттик кызматкерлердин да унаа каражатына айланып калар.        

Чүй проспекти менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде, “Ала-Тоо” кинотеатрынын айланасында жана сейил бактын ичинде ижарага берилчү велосипеддердин саны арбын. “Ала-Тоо” аянтынын айланасында велосипед тепкендердин саны да күндөн-күнгө өсүп, жаштар арасында популярдуу болуп бара жатат.

“Мен бул жерде март айынан бери иштеп жатам, күн жылыгандан бери велосипед тепкиси келгендердин саны арбын болот. Азырынча эл азыраак, жайдын күнү эл көп келери күтүлүүдө. Велосипедди ижарага алгандар ижарасын төлөйт жана паспортун же уюлдук телефонун алып калабыз. Ал коопсуздук үчүн жасалып жаткан кадам. Бир күндө 50гө жакын кардар келет. Дем алыш күндөрү кардарлардын саны бир топ көбөйө түшөт”,- дейт “Ала-Тоо” аянтында велосипедди ижарага берип иштеткен Бактыбек уулу Болот






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.04.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менинда велосипед тепким келип кетигоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: