Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди
Кечээ, 22-апрель күнү Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган китеп жумалыгынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде билим берүү мекемесинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, анда басмаканалардын, китеп дүкөндөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, акын-жазуучулар өздөрүнүн жаңы китептери боюнча маалымат беришти. Китеп жумалыгынын алкагында “Интернет-китепкана” долбоорунун бет ачары өткөрүлдү.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов адам баласына бүгүнкү күндө китептин зарылчылыгын жана ролу чоң экенин белгилеп, жаштарды китепке көңүл бурууга чакырды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.