super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

 

Президент Алмазбек Атамбаев жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

"Урматтуу мекендештер! 2012-жылы көп сыноолордон өттүк, бирок кандай болсо да эң негизгиси өлкөбүздө туруктуулук сакталып, алдыга карай кадам таштаганга шарттар түзүлдү. Тарыхты карасак, ийгиликке биримдиги бар өлкөлөр гана жетишкен. Согушта талкаланып, тизелеп калган Япония менен Германия элинин күжүрмөн эмгеги менен гүлдөгөн өлкөлөргө айланышты. Биз болсо кагаз жүзүндө көз карандысыз болгонубуз менен иш жүзүндө 20 жылдан бери бутка тура албай жатабыз. Учурда элибиздин турмушу жеңил эмес, кээде свет менен газ өчүп жатат. Майрамдык дасторконду даярдоо деле айрым үй-бүлөлөр үчүн оңой болгон жок. Бирок мен ишенем, өлкөбүздүн келечеги кең. Акылман жана сабырдуу элибиз бар, бул биздин байлыгыбыз. Биз азыр өз күчүбүзгө гана ишенишибиз керек, тагдыр бизге дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат. Өнүккөн, күчтүү Кыргызстанды курууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Маңдай тери менен нан тапкан, өз күчү менен үй-бүлөсүн баккан иштерман адамдарды колдоого тийишпиз. Кыргызстандын накта каармандары ошол жөнөкөй күжүрмөн адамдар болушу керек. Иштей турган мезгил келди, бир гана эмгек Кыргызстанды өнүгүү жолуна салат. Ошондуктан Кыргызстанда 2013-жыл "Иштерман жылы" деп жарыяланды. Ардактуу мекендештерим, өзүм чоң ата болуп калсам дагы, менде балалык кездегидей жакшылыкка, жаңы жылдык кереметке ишеним жашап келет. Жакшылык сөзсүз жамандыкты жеңет, чындык сөзсүз жалганды жеңет. Ушул ишеним мага дем, күч-кубат берип жылдан жылга ээрчитип бара жатат. 2013-жылды да мен зор үмүт, ишеним менен тосуп жатам. Бул жылы баарыбыздын үмүт-тилегибиз ишке ашсын. Элибизди, жерибизди Кудай колдосун, тынчтык жана бейпилдик берсин. Кудайым элибизди, жерибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктан сактасын. Баарыбызга бакыт-таалай, чың ден соолук, ийгилик каалайм. Бар бололу, бир бололу. Жаңы жылыңыздар менен!" деп айтылат куттуктоодо.






Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын элине Жаңы жылдык куттуктоосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: