super.kg logo

Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Камчы Сарыбаев, Аскат Сулайманов жана башка маданияттын кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына барып өкүрүштү (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 24-апрелде 40ка жакын маданият кызматкери Өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп барды. Катышуучулардын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн маданиятка буруу максатында уюшулган флешмоб - маданият кызматкерлеринин жан дүйнөсүнүн кыйкырыгы.

Аталган флешмоб “Кайран заман” деп аталат. Ага режиссёрлор Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, "Дем" театрынын жигиттери, сүрөтчүлөр, жазуучулар, акындар катышты. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынан алдына чогулган жоон топ өкүргөн боюнча Өкмөт үйүнүн алдына барып, анын алдында 1-2 мүнөт туруп, эч кимдин чыгышын күтпөй эле тарап кетишти.  

Флешмобдун катышуучусу, режиссёр Садык Шер-Нияз: “Кыргыз элинде таланттар көп, ал эми аларды көтөргөн механизм иштебей жатат. 20 жылдан бери маданият жөнүндө мыйзам аткарылбай келет. Бизге берилген 3 пайыз жардамдын 1 пайызын гана алабыз. Ушинтип отурсак кантип биз маданиятты көтөрөбүз?! Бүгүнкү күндө клубдар аткана болуп калды, ал жакта мал багып жатышат. Минтип маданиятты көтөрүү мүмкүн эмес. Маданияттын идеологиясын көңүлгө албай, мамлекетти көтөрүү мүмкүн эмес. Буга чейин өз алдыбызча айтып, кыйкырып келгенбиз, бүгүн чогулуп ыйлап коюуну чечтик”,- дейт.

Ал эми кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров: “Биз 20 жылдан бери мамлекеттен тыйын сурабай эле, саясий талап койбой эле келгенбиз. Көптөгөн революциялар болуп жатат, Ош окуясы болду. Эл аны өзү, маданияты, акыл-эси менен токтотту. Биз өкмөттү ушуларга көңүл бурдуралы деп жатабыз. Кыргыз элинин келечегин оңдош үчүн биз менен кеңешкиле, бизден сурагыла, биз барбыз, бизди эскерип жүргүлө деп “Кайран заман” аттуу өкүрүк менен чыктык. Эгер бийлик маданиятка көңүл бурбай ушул нукта кете берсе, анда мамлекетибиздин келечеги жок”,- деген оюн билдирди.

 






Маданият өкүлдөрү Өкмөт үйүнө өкүрүп барышты

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(120)
SUPER.KG видео
24.04.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул эмне деген шумдук !Олгон кишиге окурот эле го.Эми митинге чыккандар да бул жорукту жасашат.
SUPER.KG видео
24.04.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эсил кайраан СССРим ааай, Эми кайдаан табабыз аай.
SUPER.KG видео
24.04.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Soz jok,ailasizdan barishti da.Bulardin ar birinde kudai bergen talant bar,ar biri madaniatka kanchalagan salim koshkon insandar,mymkynchylyk tyzylso bul insandar dagi koptogon shedevrlerin jaratishmak da.Kyrgyzdin chinigi patriottoru!Madaniatti ushul abalga jetkizgen okmotko chindap ele uiat!
24.04.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эн туура кошулам буларга,жыргагандарынан окуруп ыйлап барышбады кыргызстандын келечегине куйуп маданияттан артта калып жатканыбыздан чыгышты ыйлап!соз менен айтты жетпеди,кат менен айтты кетпеди,жолугушуп суйлошсо да болбогонунан окуруп жатышат алга кыргыздын чыгаан уулдары мен да кошулам!!!!!
SUPER.KG видео
24.04.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
азаматтар кыргызымдын чыгаан жигиттери кошулам мен да,ыйлагыдай болуп калды озу маданияттыбыз арта калып!!!
SUPER.KG видео
24.04.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Маданият болбосо мамлекет эч качан онолбойт!
24.04.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кайдагы уят булар кыргызтандын ккелечегин ойлоп атбайбы тооба.да менда кошулам жыргагандан окуурот беле:
24.04.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булардын мындай кадамга барышына аткаминерлердин мамлекетибиздин келечегине кайдыгер мамиле кылышы жетелеп отурат. Кээ бир тушунугу пас адамдар ар нерселерди айтышы мумкун, бирок азыркы абалыбыз мышык ыйлагыдай, бул акыйкат!
SUPER.KG видео
24.04.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматтар!Бул нерсени айла жоктугунан ушундай жол менен маданиятка конул бурушсун деген максатта жасашыптыр.ага тан калуунун деле кереги жок.ал эми маданият,мамлекеттик идеология деген Кыргызстанда орду тубу менен жоголгон.
24.04.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
eeei tobooooo bawkacha tur menenen bildirse bolboi kaldibi naarazichiligin )))))
24.04.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаааааааааа эми молдолор эле калды митинге чыкпаган митингди флешмобго алмаштырып койгонго
SUPER.KG видео
24.04.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Уят чын бул нерсе
24.04.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кара башынарды жегиле.окурук эле калды эле,
24.04.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болбойт ото еле уят .башка жактан же болбосо башка жол менен деле коргозсо болмок
SUPER.KG видео
24.04.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Актан Арым кубаттын, Садык Шернияздын, Эрнест Абдыжапаровдун чыныгы маданиятка салымы зор.. Булар чын дили менен келгендери байкалып турат... Биз силерди колдойбуз!! Арасында да биз суйгон актерлор журот!! Булар жон жеринен бул акцияга чыкпастыр...
SUPER.KG видео
24.04.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биро отуп кеткен окшойт депмин бакырып баштаса....
24.04.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куло берип ичим ооруду
SUPER.KG видео
24.04.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садык Шер Нияз маданият министр болсо жылыш болот деп эсептейм)))
SUPER.KG видео
25.04.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу туугандар!Бул кишилер жыргаганынан ушул ишке барган жок!Биздин маданиятыбызды чондорубуз такыр эле жетимсиретип карабай коюшту!Биздин атка минерлер кайсыл жерде коп акча болсо ошол жерди карашат,ошол жерди талашат!Биздин маданият министрлигибиздин бюджетинда акча жок.эгерде бюджетте акча коп болсо анда талашышмак.Маданиятсыз эл болбойт.биринчи маданиятыбыз онукмоюнчо мамлекетибиз эч качан онукпойт!бул жактагы кее бир жаштардын оюн окуп алып аябай нааразы болдум!жаштар карангы болбойлучу
25.04.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйдон бироо жарым чыгып кайрат кылгыла десе жарашып калчудай нерсе болуптур...просто позор...башка улуттар корсо бизди баягылар дейт ко...уууу кантип ушундай болсун...
25.04.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят уят козуно ак тушкурлор не деген жорук бул Эми
SUPER.KG видео
25.04.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
бийликтеги билермандарга барибир курсак тойсо болду бугунку кун менен жашап калдын чондор эле эмес баарыбыз бугунку кунум отсо болду дегендиктен ушул абалга келип отурабыз эмне маданиятды которбойбуз анткени бугунку кундун ырахатын ойлоп эртенки кундун кайгысын унутуп атабыз маданиятбызы менен дуйно эли тааныйт бизди айланайындар
SUPER.KG видео
25.04.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
без комментарии.слов нет!
25.04.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооой ойонгулааа,кыргыздын маданияты мышык ыйлагыдааай,маданияттуу Эл жакшы,алдын албасак баарыбыз "окуруп" калабыз деген маани да.
SUPER.KG видео
25.04.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
аябай маданияттуулар кобойуп кеткен го ушулардын кылганы жакшыбы окуруп кара баштарына корунсун элге эмес булар тарбия берген деле жарытып кино тарта элексинер акча жей албай жатышат ко
SUPER.KG видео
25.04.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
казынарда миллиондогон акча болуп туруп бербей жаткандайсынарда бардыгын карыз алып жатабыз анысы аз келгенсип жеп коюшат кобун чынында бюджетке бир тыйын толобойбуз россияда соц пакет деп коет бир айда эле 7 _8 мин кармайт экен ал кийинкисине жакшы болот экен ооруса пенсиясынааа бизде андай акча тушпойт ишкерлер болсо жартысын толойт жартысын салыкчынын чонтогуно кетет
25.04.2014. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Еч кандай уят емес окурот турган болуп калды озу, Садык Шернияз чыныгы кыргыз деп жургон киши
SUPER.KG видео
25.04.2014. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
тооба кылдым элдер эмне эле болуп бара жатат. Уйдо жатып алып еле кун ысыганда чыгып каалаганын кылышат.
Биздин бийликтегилерден пайда жок, алмашса деле казаныбызга аш салбайт. Андан коро ар кимибиз Аллахымдын буйругу менен иштеп жан бага берели. Бийликтегилерге нысап берсин
25.04.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
uyaty joktor...
25.04.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооба биздин маданиятыбыз окургондой болуп калды ичиндеги буктарын окуруп чыгарып алышты эгер ак уйдогулор эми маданиятка бир азда болсо конул бурат деген ойдомун Туура эле корунуш салтыбызда бар олгонго окургон маданият олуп жатат
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: