Американын парламенттик журналисти кыргызстандык кесиптештерине семинар өткөрдү
Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарында "АКШнын парламенттик журналисттеринин иш ыкмасы" деген аталышта семинар өттү. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган семинар Мичиган (АКШ) мамлекеттик университетинин журналистика мектебинин доценти Эрик Фридмандын жетекчилигинде өтүп, ага КРнын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын кызматкерлери, парламенттик журналисттер жана студенттер катышышты.
Бул семинарда АКШнын Конгрессинин басма сөз кызматынын иш-аракеттери, социалдык медианын Конгресстин иш-аракеттерин чагылдыруусу талкууланды.
Ошондой эле этникалык көйгөйлөр, шайлоолорду жана саясий партиялардын шайлоо алдындагы кампанияларын чагылдырууга байланышкан маселелер каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.