Өрткө каршы кызматы Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде машыгуу өткөрдү (фоторепортаж)
	
				
				
				
				
				
				
				
				
				
				
				
				Бүгүн, 28-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде машыгуу өткөрдү. Анда "Берекет Гранд" соода түйүнүндө чыккан өрт тууралуу маалымат 10:15те келип түштү. Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери өрт чыкты делген жайга 10:30да келип калышты. Өрт соода түйүнүнүн жер төлөсүндөгү килемдер сатылуучу бөлүгүнөн чыкканы белгилүү болду. Өрткө каршы кызматы өрт өчүрүүчү 3 унаа менен келишип, Павлов, Кулиев көчөлөрү тарабынан жана аталган соода борборунун алдынан өрткө каршы чара көрүштү.
Бишкек шаардык өрткө каршы кызматынын жетекчиси З.Алжанов: “Аталган окуу иш-чарасында реалдуу өрт чыгып кетсе, кандай чара көрүлүш керектигин аныктайбыз. Реалдуулукка болушунча жакындатканга аракет кылабыз”,- деди. Иш-чаранын аягында Алжанов бир катар өрт өчүрүүчү кызматкерлерине сын айтып, алардын катасын көрсөтүп берди.
				 
				 
				 
				
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













