super.kg logo

Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата чуркоо жана жеңил атлетика боюнча мелдештер өтүүдө (фоторепортаж)

 
Аянтка чогулган күйөрмандар жана катышуучулар
Кыз-келиндер арасындагы аркан тартыш
Кыз-келиндер арасындагы аркан тартыш
Мелдештин катышуучулары стартка даярдык көрүшүүдө
Кыз-келиндер арасындагы аркан тартыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү учуру
Чуркоого катышкан кыздар
Бул катышуучу кыз чуркап келе жатып катуу кулап, өзүн начар сезип жатты. Ага "Тез жардамдын" дарыгерлери жардам көрсөттү.
1000 метр аралыктагы чуркоого катышкан окуучу кыздар
Балдар арасындагы 1000 метр дистанциясындагы чуркоо
Балдар арасындагы 1000 метр дистанциясындагы чуркоо
"Ала-Тоо" аянтына келген катышуучулар жана күйөрмандар
"Ала-Тоо" аянтына келген катышуучулар жана күйөрмандар
Кыздар арасындагы 1000 метрге чуркоо боюнча 1, 2, 3-орунду ээлегендерди белгилүү спорт чебери Улан Молдодосов куттуктады.
Мелдешке күйөрман жана сыйлуу конок катары келген эмгек ардагерлери
Мелдешке күйөрман жана сыйлуу конок катары келген эмгек ардагерлери
Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров кесиптештери менен
Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров
Балдар арасындагы 1000 метр дистанциясындагы чуркоо
Аянтка чогулган эл кызыгуу менен ар бир катышуучуну ар кандай кыйкырыктар менен колдоп жатты.

Бишкекте бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата “Ала-Тоо” аянтында мектептердин райондор арасындагы мелдештери өтүүдө. Шаардык мэрия, Дене тарбия жана спорт комитети уюштурган мектеп окуучулары арасындагы 1000 метр аралыкка чуркоо, жеңил атлетика боюнча жана аркан тартыш сыяктуу мелдештер өткөрүлүп жатат. Ага борбордун төрт районунун мектеп окуучулары, жогорку окуу жай, орто кесиптик окуу жайлардын студенттери жана мэриянын структуралык кызматкерлери катышууда. 

“Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата 15 жылдан бери ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. Быйыл бул майрамга карата жеңил атлетика жана 1000 метр аралыкка чуркоо боюнча кыз-уландар арасында жарыш өтүүдө. Иш-чарага борбордун 4 районунан 2 миңге жакын адам катышып жатат. 1, 2, 3-орундарды ээлегендерге атайын сыйлыктар, медаль жана ардак грамоталар ыйгарылууда”,- деди Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Борбордо болуп өткөн веложарышка шаар мэри Кубанычбек Кулматов да катышты. Жарышка 650дөн ашуун адам катышып, ал Түштүк магистралдан башталып, “Жеӊиш” сейил багында аяктады.

“Эртең мененки иш-чарага мэр келип катышып, жарышка түшкөн согуш жана эмгек ардагерлерине, ошондой эле 9 жашка чейинки катышуучулардын баарына белек жана сыйлыктар тапшырылды”,- деп кошумчалайт Бакиров.

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: