“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата шаар тургундарына чакан концерт тартуулады (фоторепортаж)
Сейил багында майрамдап жүргөн эл акырындык менен ыр-бий тартууланган аянтка чогулду.


Сейил багында майрамдап жүргөн эл акырындык менен ыр-бий тартууланган аянтка чогулду.

Концерттик программа бий менен башталды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Райкан Төлөгөнов, Асия Сасыкбаева жана Наталья Никитенко элди майрам күнү менен куттуктап өтүштү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн Айпери Адамкулова менен Акмарал Аипова алып барышты. Ал ортодо "Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаардык жаштар уюмунун мүчөлөрүнө сөз берилди.

Кытайлык кыргыз Тургунаалы Турсунбек уулу "Чычкан" бийин көрсөтүп жатат.

Ырчы Назира Токонова шаар тургундарына өз өнөрүн тартуулады.

Көрүүчүлөр...

Кайсы салтанат "Кара жоргосуз" өтөт? "Кара жорго" бийи бул жолу да калың элдин колдоосун тапты.

Бул жигиттердин өнөрүнө көз салып отурган элдин тынчы кетип жатты. Себеби түрдүү татаалдыктагы ыкмаларды жасап жатышты.

"Тамашоу" Лигасында ойногон "Багыт" командасы элдин жүзүнө жылмаюу тартуулады.

Арген аттуу жигит абышка менен кемпирдин кармашын чагылдырган оригиналдуу бий тартуулап берди.

"Тамашоу" Лигасында ойногон "Кыргыз двор" командасы.

Салтанаттуу иш-чара "ата мекенчилердин" элге кошулуп бийлөөсү менен жыйынтыкталды.
Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин тилектештиги, жаз жана эмгек күнүнө карата “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Бишкек шаардык уюму шаардагы сейил бактарынын биринде чакан концерттик программа уюштурду.
Программанын расмий бөлүгү ЖКнын депутаттарынын куттуктоо сөздөрү менен башталды. “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Райкан Төлөгөнов СССР мезгилинде бул майрамга терең маани берилип, элдин баары майрамдоого чыгып жүргөнүн эскерди. Элге майрамдык маанай каалоо менен ал бул майрамды унутта калтырбоо керектигин белгилеп өттү. Андан тышкары ЖКнын депутаттары Асия Сасыкбаева менен Наталья Никитенко сөз алып, элди кызуу куттукташты.
3 саатка жакын убакытка созулган концерттик программанын алкагында бий бийленип, ыр ырдалып, куудулдар күлкү тартуулашты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
salfego

01.05.2014. 17:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul wailoo jakyndady degen belgi)
GUMU

02.05.2014. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин билишимче бул иш чараны жыл сайын откоруп келишкен, салттуу иш чара десек болот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.