Ошто мэрия борбордук базардагы баш аламандыкты жойгону менен, сатуучуларга шарт түзүп берген эмес







Ош шаарындагы борбордук базардын айланасындагы баш аламан соода кылгандар базар ичине көчүрүлгөн. Аны менен катар унаа жолдоруна чектөө киргизилип, коомдук транспортторго гана уруксат берилген.
Мындан улам соода-сатык кылган жарандарга гана эмес, шаар тургундарына да ыңгайсыздык жаралгандыгын көрүүгө болот.
Бүгүн, 1-майда аталган базардын сатуучулары бул боюнча нааразылыктарын билдиришти. Нан сатуу менен алектенген Элмар Мамыров Кара-Суу районунан келип иштейт. “Мен сыртта нан сатып иштечүмүн, бул жактан бизге бардык шартты түзүп беребиз деп алып киришкен. Жыйынтыгы, санитардык абал өзүң көргөндөй. Өзүбүз эртең менен келип бир сыйра шыпырып алып, анан жумушубузга киришебиз. Сыртта күнүнө 100 нан саткан болсом, учурда 50 гана нан сатып калдым”,- деди ал.
Ал эми жер-жемиш сатуу токтоп калгандыгын жана картошкалар өтпөй, алган баасынан төмөн сатып жаткандыгын Кичиайым Шараева айтып кейиди. “14 жылдан бери базарда соода-сатык менен алектенем. Эл катары насыя алып, соодабызды жүргүзчүбүз. Эми минтип базардын ичине киргизип коюп, эл кирбей, картошкабызды сата албай, көгөрүп кетти. Биротоло күйүп кетпейли деп алган баабыздан арзан сатып отурабыз”,- деди ал.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Керимбек Калыкулов: “Базарга автоунаалар кирбей жаткандыгы - баш аламандыкты жоюунун бирден-бир себеби. Бул убактылуу нерсе. Жакынкы арада жол ачылат”,- деди.
Айта кетсек, Ленин, Кара-Суу, Навои көчөлөрүндөгү базарга кирүүчү жолдор 22-апрелден баштап жабык турат.

Нан туз турса ичеги карын картошка пияз диск кайра ичеги карын эт турса майке картошка пияз калпак башын айланат да баары тапканын жайып чыгып алган басаарга оорун жок болуп калчуу.Ичкериде жай турса жолдо индиянын адамдарындай болуп башты айлантып.Маршурткадан кокус нетип чалынып жыгылчуу болсон тушуп же чыгып жатып соззсуз ичеги карынга же картошка пиязга жыгылчусун да.Баары оорду оорду менен жол жолдой болушу керек