super.kg logo

Бишкекте Союз доорунда жарык көргөн ретро унаалардын көргөзмөсү өттү (фоторепортаж)

 
1963-жылы чыккан ГАЗ-21 үлгүсүндөгү унаа
1963-жылы чыккан Волга-21
1978-жылы жарыкка чыккан ГАЗ-14 үлгүсүндөгү унаа ал учурда бир гана бийлик жетекчилерине жеткиликтүү болгон.
ГАЗ-21 унаасы 1969-жылы чыгарылган.
1944-жылы чыккан ГАЗ-67
1967-жылы чыккан ГАЗ-22 үлгүсү
Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке ээ болгон соң, анын урматына Победа М-20 унаасы 1952-жылы жарыкка чыккан.
Москвич-412 үлгүсүндөгү унаа 1983-жылы чыккан жана карапайым элге кызмат кылып келген. Бул унааны эл көбүнчө чарбачылыкта колдончу.
1981-жылкы Нива үлгүсүндөгү унаа
1964-жылы чыккан ГАЗ-69 унаасы
1964-жылы чыккан Волга-21 унаасы
Стимпанк стилинде колго кураштырылган Электротрайк. Бул укмуштуу транспортту кураштыруу үчүн 2 жыл убакыт сарпталган, анын салмагы 500 килограмм жана саатына 30 чакырым жүрөт.
Көргөзмөгө коюлган унаалардын эң эскиси - 1905-жылы чыккан Репликар унаасы.
ЗАС-985 унаасы 1967-жылдары чыккан жана орто катмардагы адамдарга арналган.
1985-жылы чыккан ЖУК үлгүсүндөгү унаа көбүнчө аялдар арасында сүймөнчүккө айланган. Бул унаага болгон талап азыр деле бар десек жаңылышпайбыз.
1965-жылы чыккан Волга-21
1968-жылы чыккан ГАЗ-21 үлгүсүндөгү унаа
1969-жылы чыккан Волга-21 үлгүсүндөгү унаада жүрүү бийлик жетекчилеринин капчыгына гана туура келген. Унаанын баасы учурдагы абалына жараша, мисалы, бул унаа 7 миң доллар турат.
1969-жылы чыккан Волга-21 унаасынын ички көрүнүшү
1969-жылы чыккан Волга-21 үлгүсүндөгү унаанын ички көрүнүшү

Бишкекте бүгүн, 1-майда “Тирүү тарых” деген аталышта ретро унаалардын көргөзмөсү өттү. Аталган көргөзмөгө Репликар үлгүсүндөгү 1905-жылы чыккан унаа жана 1960-1989-жылдар аралыгында СССР доорунда жарык көргөн 28 унаа катышты.  

“Биз уюштуруп жаткан “Тирүү тарых” акциясы Бишкекте акыркы 7 жылдан бери өтүүдө. Бүгүн акцияга катышууга 64 адам өз каалоосун билдирген, бирок айрым шарттарга байланыштуу 28 адам катышты. Ал эми 9-майда өтүүчү көргөзмөгө 64 адамдын катышуусу күтүлүүдө”,- дейт иш-чаранын уюштуруучусу Виктория Петрова.

Анын айтымында, көргөзмөгө катышып жаткан унаалардын тетиктери бир да жолу алмашылган эмес, заводдон кандай чыккан болсо, ошол бойдон сакталып келген. Ал эми унаалардын абалы жана тетиктери комиссия аркылуу текшерүүдөн өткөн соң гана көргөзмөгө катыша алат.

“Иш-чаранын негизги максаты - азыркы жаштарга аз да болсо ата-бабаларыбыз айдаган унааларды жана Союз доорунун тарыхын унаалар аркылуу жеткирүү”,- деп кошумчалайт Петрова.

“Мен ретро унаалардын коллекционеримин, чынын айтсам, алар менен “ооруп” келем. Бир унаа жагып калса, карызга батсам да аны сөзсүз алам. Учурда 15тен ашык унаам бар. Өз убагында мындай унаалар менен ата-энем алектенип келген, кийин шартка байланыштуу алардын бири да калган эмес. Учурда агам экөөбүз бул унаалардын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн санын көбөйтүү менен алектенүүдөбүз”,- дейт Азим аттуу мырза.

Көргөзмөдө комиссия тандаган жана "Коноктордун сүймөнчүгү" деп табылган унаалардын ээлери сыйлуу белектер менен сыйланышты.     






Ретро унаалардын парады

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.05.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Волга 21 любимый автомобиль
02.05.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн сонун маалымат жана суроттор.
02.05.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жакшы көрөм эски унааны кычыратып, жылтыратып айдаганды.
SUPER.KG видео
02.05.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Союз доорундагы машинелерден орустар эле алып калган окшойт...кыргыздар жокко....анан супеер инфоо Динара деген журналист кызынар бар элегооо ошол корунбой кеттида....аябай жакшы кыз болчу..."биякта"деген созун укмуш жакшы корчум....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: