Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы таш ыргытышуудан эки тараптан бирден унаа талкаланды
Кыргыз-тажик чек арасында таш ыргытышуудан эки тараптан бирден унаа талкаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 3-май күнү бодо малын Улар жайлоосуна айдап бара жаткан Ак-Сай айылынын тургунун тажик жарандары өткөрбөй коюшкан. Мындан улам кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп салышкан. Ошол эле учурда тажик жарандары дагы Баткен-Исфана унаа жолун жабууга аракет кылышкан. Бирок ага чек арага жакын жайгашкан кыргыз жарандары каршы чыгышып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган. Анын кесепетинен эки тараптан бирден унаа талкаланган. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ворух анклавы менен Тажикстанды байланыштырган унаа жолу ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат.
Провокацияга жол берилбейт.
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.