Баткенде футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү
Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага район аймагындагы айыл аймактарынан жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлеринен түзүлгөн 9 команда катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Бак айыл өкмөтү, 2-орунду Самаркандек айыл өкмөтү, 3-орунду Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушту.
Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков өткөн иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - район аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин спорт оюндарына болгон кызыгуусун арттыруу экенин айтып өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.