super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кыргызстанда 10 миңден ашуун адам бронхиалдык астмадан жабыркайт

 

Кыргызстанда бронхиалдык астмадан 10 миңден ашуун адам жабыркайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл сайын май айында Бронхиалдык астмадан жабыркаган бейтаптардын эл аралык күнү белгиленет. Эл аралык саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 300 миллиондон ашуун адам бул оору менен ооруса, дүйнөдөгү ар бир төртүнчү адамдын организми айлана- чөйрөдөгү түрдүү заттарга (аллергендерге) өзгөчө сезгичтиги бар.

“Үй-бүлөлүк дарыгерлердин катарында эле бронхиалдык астмадан жабыркагандарга пульмонологдор да медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Аталган дарттын алдын алуу жана аны айыктыруу үчүн үй-бүлөлүк медициналык борборлордун баары керектелүүчү жабдыктар менен Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан камсыздалган. Мисалы, пикфлоуметр, микроспирометр жана жүрөктүн согушун өлчөөчү аппараттары жана бейтаптарды тизмеге киргизгенге компьютердик техникалар менен камсыздалган”,- деп билдиришет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: