super.kg logo

Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташууда (фоторепортаж) 

 
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, легендарлуу Панфилов дивизиясынын аскери, ардагер, Кыргыз Эл акыны, 92 жаштагы Сүйүнбай Эралиев.
Ардагер Сүйүнбай Эралиевдин эмгегин бул медалдар айтып турат.
Ардагер Сүйүнбай Эралиевдин медалдары...
Жолугушуу Сүйүнбай Эралиевдин батиринде болду.
Сүйүнбай Эралиевдин батиринде анын ушундай сүрөтү илинип турат.
Сүйүнбай Эралиевдин сүрөттөрүнүн катарынан КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн да көрүүгө болот.
Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин жарык көргөн китептери.
Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин жарык көргөн китептери.
Белгилүү акын Сүйүнбай Эралиевдин батири китептерге бай экенин байкоого болот.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Сүйүнбай Эралиевди Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы менен кызуу куттуктады.
Сүйүнбай Эралиевге акчалай сыйлык түрүндө жардам көрсөтүлдү жана 10 килограммга жакын салмактагы азык-түлүк тапшырылды.
Ардагер Сүйүнбай Эралиев менен баарлашуу учурунда...
Ардагер Сүйүнбай Эралиев менен баарлашуу учурунда...
Үйдүн босогосун аттаган конокторду сыйламайынча кетирбеген карылардын бири Сүйүнбай Эралиевдин батиринин залында атайын стол даярдалыптыр.
Полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаевге 10 килограмм өлчөмүндөгү азык-түлүк тапшырды.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер Азиз Нарынбаев.
Полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаев менен баарлашууда.
Полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаев менен ал-жай сурашып жатат.
Полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаевдин көптөгөн жаштарга үлгү боло аларын айтып, аны менен эстеликке сүрөткө түштү.
Полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаевдин көптөгөн жаштарга үлгү боло аларын айтып, аны менен эстеликке сүрөткө түштү.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Улуу Жеңишинин 69 жылдыгына карата ардагерлерди куттукташууда.

Бүгүн, 7-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев легендарлуу Панфилов дивизиясынын аскери, ардагер, Кыргыз Эл акыны, 92 жаштагы Сүйүнбай Эралиевге барып, алдыдагы Жеңиш майрамы менен куттуктады. Генерал ардагерге акчалай сыйлык түрүндө жардам көрсөттү жана 10 килограммга жакын салмактагы азык-түлүк тапшырды. Андан соң Алымкожоев акын менен жашоо-турмушу жөнүндө баарлашып, 9-майда Бишкекте өтүүчү митинг-реквиемге чакырды. 

Мындан тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Ильязбек Субанкулов ардагер Азиз Нарынбаев менен жолугуп, акчалай сыйлык жана азык-түлүк тапшырды. Полковниктин айтымында, учурда Кыргызстанда жаштардын арасында чыныгы патриоттор бар. “Сиз аларга ар дайым үлгү болоруңузга мен ишенем. Кыргызстан сиз менен сыймыктанат”,- деп куттуктады Субанкулов.

Ушул сыяктуу куттуктоо иш-чаралары 7-8-май күндөрү өтөт. Ушул күндөрү аталган штабдын жетекчилери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ар биринин жашаган жерине барып куттукташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.05.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
. Баатырларга данк!
07.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо, Азиз Нарынбаев агай мага сабак берген да. Бар болуңуз, ден соолугуңуз чың болсун, майрамыңыз менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: