super.kg logo

Бишкекте “Өлбөс полк” деген аталышта митинг-реквием өттү (фоторепортаж)

 
"Өлбөс полк" митинг-реквиемине келген согуш ардагерлерин аскер формасын кийген мектеп окуучулары тосуп алышты.
Окуучулар согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Митинг-реквиемге катышкан аскерлер.
Иш-чаранын башталышынан...
"Өлбөс полк" акциясына 200дөн ашуун мектеп окуучусу катышты. Алардын баары колдоруна согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Иш-чарага келген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери.
Иш-чарага келген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери...
Бишкек шаарында жалпысынан 459 согуш ардагери жашайт. Аталган иш-чарага 60 ардагер гана катышты. Тилекке каршы, калган ардагерлер ден соолугуна байланыштуу ордунан жыла албайт.
Виктор Денисенко, КРдагы Беларустун ыйгарым укуктуу элчиси жана Андрей Крутько, КРдагы Орусиянын ыйгарым укуктуу элчиси
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери...
"Өлбөс полк" иш-чарасына жалпысынан 60тан ашык согуш ардагери катышты.
"Өлбөс полк" митинг-реквиемине келген согуш ардагерлерин аскер формасын кийген мектеп окуучулары тосуп алып жатышты.
Иш-чарага ар бир райондон элүүдөн мектеп окуучусу катышты.
Уюштуруучулардын негизги максаты келечек муунга ата-бабаларыбыздын эрдигин жана патриоттук сезимин жеткирүү болуп саналат.
"Өлбөс полк" митинг-реквиеми Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.
"Өлбөс полк" митинг-реквиеми Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.
"Жеңиш" сейил багындагы эстеликке гүлчамбар коюу аземи.
"Жеңиш" сейил багындагы эстеликке гүлчамбар коюу аземи.
"Өлбөс полк" митинг-реквиемине катышкан партия лидерлери жана шаардык кеңештин төрагасы.
Иш-чарага катышкан Орусия элчилигинин өкүлдөрү...
"Жеңиш" сейил багындагы эстеликке гүлчамбар коюу аземи.
"Жеңиш" сейил багындагы эстеликке гүлчамбар коюу аземи.
"Жеңиш" сейил багындагы эстеликке гүл коюу жана согушта каза тапкандарды эскерүү аземи.

Бүгүн, 7-майда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” деген аталышта митинг-реквием өттү. Иш-чара согуштан каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.

“Өлбөс полк” митинг-реквиемине борбордун 4 районунан 200дөн ашуун мектеп окуучусу катышты. Алар өздөрүнүн чоң аталарынын жана согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрүн колдоруна кармап турушту.

Митинг-реквием мындан эки жыл мурун Томск шаарында алгачкы жолу уюштурулган. Андан бери бул иш-чара Орусия, Украина, Казакстан жана башка жүздөгөн шаарларда улантылып келүүдө. Аталган иш-чарага быйыл шаардык кеңештин демилгеси менен Бишкек шаары да кошулду.

“Өлбөс полк” акциясына кошулганыбыздын бирден-бир себеби - биздин келечек муундун Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыбызды эстеп жүрүүсүн шарттоо. Биз келечек муунду ата-бабаларыбыздын эрдигин үлгү кылып жана мекенчилдик сезимин өрчүтүү менен тарбиялашыбыз керек”,- деди шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов.

Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 459 ардагери, 2400 ооруктагы эмгекчи жана блокада ардагерлери бар. Бул иш-чарага 60тан ашуун согуш ардагери катышты. Тилекке каршы, калгандарынын ден соолугу начарлап калган. Дээрлик бөлүгү ордунан жыла албайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: