super.kg logo

Бишкекте тамак-аштан 12 адам ууланды

 

Бишкекте кечээ, 14-майда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына уулануудан улам 10 адам кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

“Жалпысынан ооруканага 12 адам кайрылды. Кечээ 10 адам, бүгүн дагы 2 адам келди. Учурда ооруканада уулануудан улам 8 адам жатат. Анын ичинен бешөө жаш балдар, үчөө чоңдор. Калган төртөө ооруканага жатуудан баш тартышты. Алардын ашказандары жуулуп, тиешелүү меициналык жардамдар көрсөтүлдү. Учурда ооруканада жаткан бейтаптар анализ тапшырышты, анын жыйынтыгы жакын арада чыгып, эмне себептен уулангандары аныкталат”,- дейт Г.Аалиев.

Дарыгердин айтымына караганда, бейтаптар көп тамак жешкен. Кайсынысынан ууланганы белгисиз.  

Маалыматка ылайык, 12-май күнү Көк-Жар айылында жашаган үй-бүлө 17ге жакын адамды конокко чакырган. Аларга эт азыктарынан жасалган тамак-аштын бир нече түрү, ар түрдүү салаттар берилгени маалым. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: