super.kg logo

Нью-Йоркто 2001-жылы 11-сентябрда болгон терактка арналган музей ачылды 

 
2001-жылы 11-сентябрда Манхеттендеги ири соода борборундагы жардыруу баарыбыздын эле эсибизде болсо керек. 3000ге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен бул каргашалуу окуяга арналып атайын музей курула баштаган эле. 13 жылдык куруу иштери аяктап, 15-майда бул жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Ага АКШнын президенти Барак Обама өзү катышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардырылган имараттын жер төлөсүндө жайгашкан музейге кырсыкка тиешелүү болгон, имараттан табылган 10 миңден ашуун экспонат коюлган. Учурда музейге каза болгон адамдардын жакындарына, Куткаруу кызматынын кызматкерлерине, элди эвакуациялоого жардам бергендерге жана бул кырсыктан аман калгандарга гана кирүүгө уруксат берилди. Ал эми 21-майдан тарта бардык каалоочулар музейге кирип, экспонаттар менен тааныша алышат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.05.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул теракты америкалыктар атайын оздору уюштурган екен деп россиянын телеканалдары берип жатат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: