"Кыргыз тилибизди өнүктүрүш үчүн бийлик күч колдонуп, тартипти орнотуш керек" дейт жаш журналист
Бүгүн, 22-майда тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз тилдүү гезиттеринин биринин журналисти Жакшылык Бердибек уулу кыргыз тилинин начарлаганына бийликтегилер күнөөлүү деген оюн айтты. "Бүгүнкү күнү мугалимдер кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде үйрөтпөй жатышат. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн бийлик күч колдонуп, тартип орнотушу керек",- деди ал.
Автор: Нургазы Аматов
Ал эми журналист Жапара Исабаеванын айтымында, айрым жыйындар жана иш-чаралар орус тилинде жүргүзүлгөнү кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. "Эгер биздин бийликтегилер жыйындарды орус тилинде өткөрсө, кыргыз тилинин эмне
кереги бар?" деп жаштарыбыз айтышы мүмкүн",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Оо Кыргызым Эне Тилин баалабай эмнебизге кыйын болуп журобуз,Атка мингендер Кулов баш болуп кыргыз тилинде жакшылыктуу суйлой алышпайт же кээ бирлери орусчадан такалып манкаланат кыйраткансып ,кыргыз тилин барктабаган оз элин жерин сатат анан качат.