super.kg logo

Ош облусунда ажылыкка каттоо иштери аягына чыкты

 
Ош облусунда ажылыкка каттоо иштери аягына чыкты. 26-27-май күндөрү облустук мусулмандар казыяты тарабынан 2014-жылкы ажылык сапарга каттоо иштери текшерилди. Муфтият жана казыяттын өкүлдөрү атайын иш сапар менен райондордогу ажылыкка каттоо жүрүп жаткан борборлорго барышып, көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуска жалпысынан 738 орун бөлүнгөн. Ош облусу боюнча 1984 жаран ажылыкка катталган. 

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары, республикалык штабдын жетекчиси Ракиев Замир кары, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Арипов жана башка казыяттын кызматкерлеринен турган топ Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунун борбордук мечиттерине барып, каттоо иштери менен таанышып, кээ бир кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү беришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: