super.kg logo

Бишкекте 40ка жакын орто мектепте окуучулардын эс алуу лагерлери уюштурулат

 
Балдардын жайкы эс алуусу боюнча иш-чаралар 2014-жылдын 5-июнунан 2-июлуна чейин өткөрүлөт. Учурда борбор калаанын 39 орто мектебинде эс алуу лагерлери уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар боюнча эс алуу лагерлеринде 2530 бала эс алат. Бекитилген режимге ылайык, жайкы эс алуу лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштемекчи. Лагерге келген балдарга эртең менен жана түштө тамак берилет. Ар бир баланын тамагына 44 сом өлчөмүндө каражат жумшалары маалым болду.

Иш-чаралардын планына ылайык, балдардын чыгармачылык борборунун 6700 баланы камтыган 179 ийрими эс алуучулар менен иш алып барат.

Тендерлер өткөрүлгөндөн кийин балдар шаар четиндеги лагерде жана Ысык-Көл жээгинде эс ала алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: