super.kg logo

Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте бир топ иш-чаралар өткөрүлөт

 

Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен бир топ иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 29-майда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 650 бала үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

30-майда саат 10:00дө балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда балдарга  концерттик программа тартууланып, балмуздак жана башка таттуу белектер тапшырылат.

Ошол эле күнү саат 10:00дө шаардын Кара жыгач багында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 400 бала үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми “Фламинго” сейил багында Апрель окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын жана жетим балдар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

31-майда саат 10:00дө “Ататүрк” сейил багында Балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы, спорт оюндары уюштурулуп, бөбөктөргө балмуздак жана башка белектер берилет.

1-июнда саат 10:00дө борбордук Панфилов атындагы сейил багында “Кадимки керемет” деген аталыштагы кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлөт.

Ошол эле күнү Эмен сейил багында саат 10:00дөн 13:00гө чейин “Таланттар шаарчасы” фестивалы уюштурулат. Ал эми саат 11:00дө Кыргыз мамлекеттик циркинде колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун алдынкылары, олимпиаданын жеңүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: