super.kg logo

“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын катышуучуларынын бири таймашууга үч күн гана даярдык көргөн. Бул кырдаал түшүнбөстүктү жаратты (фоторепортаж)

 
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.
Даярдык учурунан.
Калыстар тобу.
"Кыргызстан мырзасы-2013" сынагынын жеңүүчүсү Нурбек Сопуев бул сынакта калыстар тобунун мүчөсү болду.
Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова.
Мырзалар кыздарды туурап, таланттарын калыстар тобуна тартуулоодо.
"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева мырзаларга сыйлык тапшырды.
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.

Бишкектеги Спорт Ордосунда 29-майда мырзалар арасында “Кыргызстан мырзасы-2014” сынагы өткөрүлдү. Саат 18:00гө белгиленген сынак 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты. Сынакка келген көрүүчүлөр залдын 50 пайызын гана ээледи. Алып баруучулук милдетти Кубат Кубанычбеков аркалады.

Сынакка Бишкек шаарынан жана Ош, Баткен облустарынан келишкен 16 жаштан 26 жашка чейинки 32 мырза катышты. Алар “Мен Кыргызстандын патриотумун”, “Пляждагы вариант”, “Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү”, “Жалпы бий - флешмоб” тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Алгачкы өзүн тааныштыруу тапшырмасында жигиттер толкундандыбы же даярдыгы аз болдубу, арасынан ойлорун айта албай калгандар кезикти. "Кыргызстандын мыкты мырзасы назиктигине карап бааланат" деген пикир жаралсын дешкенби, таланттар сынагындагы "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" номеринде балдардын басымдуу бөлүгү айымдарды туурап чыгышып, келген элди тажатып жиберишти.

Таланттар сынагында оригиналдуулуктун жоктугу уюштуруучу топтун мырзаларга талаптын жумшак коюлгандыгынан кабар берсе, үн аппаратурасынын өчүп калышы, фонограмма менен ырлардын аткарылышы да жакшы пикир калтырган жок.

Көрүүчүлөрдүн маданий иш-чараларда өзүн алып жүрүүсү да көңүл бурдурду. Сынактын соңунда залдын 50 пайызын ээлеген көрүүчүлөрдүн жарымы гана калып, алар да туугандарына кол чаап, калганын тааныбай-көрбөгөндөй түр көрсөтүп, келгендер "маданияттуулугун" көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, 2013-жылы сынакта "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" тапшырмасында жигиттердин кыздарды туурап чыкканы коомчулукта кыжырданууну жаратып, сынга алынган эле. Быйыл да ошол кийим менен ошол эле образды туурап чыгышканы уюштуруу тийиштүү деңгээлде болбой калган деген ойду жаратты. 

Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк аренадагы сынакка көрсөтчү жигиттердин арасында 3 күн гана даярдык көргөн жигиттин катышып жатканы түшүнбөстүктү жаратты. Эми "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, мыкты уюштуруу алыс эмес деп туралы.

Ошентип, катышуучулардын келбетин, талантын, өзгөчөлүгүн белгилүү жүздөр, дизайнер Замира Молдошева, актёр Бектемир Мамаюсупов, ырчы Анжелика, «Кыргызстан КВН» Лигасынын президенти Евгений Акопян жана сынакка колдоо көрсөтүшкөн демөөрчүлөр баалашты.

Сынактын жыйынтыгында 18 жаштагы Нурсултан Жакыпбек уулу жеңүүчү деп табылып, “Кыргызстан мырзасы-2014” наамы ыйгарылды. Ага “Дүйнөнүн сулуу мырзасы” сынагына жолдомо берилди.

Ал эми төмөнкүлөр кийинки орунду багындырышты:

"1-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ильяс Басылбаев;

"2-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ислам Солтобаев;

"3-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Улан Молдошбаев.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстанда бул сынак экинчи ирет уюштурулуп жатат. Былтыр бул сынакта 33 катышуучунун ичинен Нурбек Сопуев аттуу мырза жеңишке жетишкен. 






“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынан репортаж

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(84)
30.05.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Охооо лапочкалар гоо
30.05.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
тупизм...я понимаю если бы они выходили в военных формах и показывали свои чисто мужские силы и таланты, или же свои умения в быту, кой сойгонун, устукан болгонун, а не пародировали бы девушек...
Батышты туурайбыз деп куда мы катимся??? Потом еще и ходим удивляемся откуда такая Кончита Вурст появляется.
Kamolovna түзөттү 30.05.2014 11:35
30.05.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Kamolovna, оозунузга май! туура айтасыз ушундан коро разборка сборка автомата, алыстыкка секируу, чыдамкайлык, шамдагайлык жагынан сынашса болмок. Кончита Вурстка жетейин эле деп калды кыргыздын кээ бир эркектери ... Улуу создо уят жок! бул жазганымды мен патриотмун дегендер гана колдойт
30.05.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kara_kyrgyz, туура айтасын.
30.05.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосун жуктоп койгулачы Супер Инфо!
30.05.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT, Саламатсызбы!
Бир аз убакыттан кийин жүктөп койгонго аракет кылабыз.
Модератор admin_portal түзөттү 30.05.2014 13:56
30.05.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыстардын столунда одноразовый стакан го,уят эле

30.05.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кантип болсун уят эмеспи жыланачтанып андан коро курал кармаганды чек араны кайтарганды уйронсонор боло
30.05.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектин эркектей эле болгону жакшы Бизде мектепте оджимание кол куроштуруп эле утканына берип койчу
Модератор admin_portal түзөттү 30.05.2014 14:09
30.05.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbakg - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
30.05.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каякты караба Анжелика менен Бектемир ушулар кантип жури болсун. Балдар болсо чыныгы патриот жузун корсотушсо болмок. Кыздарды туурасак кулкулуу болот дешкенго.
30.05.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э эркек болбой калгыла !!!
30.05.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу жигит норма экенго катышкан жигиттерге караганда
30.05.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуларда эркекпи
SUPER.KG видео
31.05.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
жон эле журсонор болмок кыргыздын жигиттери буга окшогон сынакка катышпай эле уят эмесби
SUPER.KG видео
31.05.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
25 номердеги баланын денеси кантет сары майдай болуп. Бир аз кунго куйбойбу. Аппак дене Америкада вообще out.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: