super.kg logo

Ленин райондук администрациясы Балдар күнүнө карата 700гө жакын балага иш-чараларды уюштурду (фоторепортаж)

 
Ленин райондук администрациясы балдарга концерттик программа уюштурду.
Иш-чарага келген ата-энелер менен балдар.
Иш-чарага келген ата-энелер менен балдар.
Балдар үчүн уюштурулган концерт.
Кооз көйнөкчөн кыздар тизилип туруп алып сахнада чимириле бийлеген кыздарды карап жатышты.
Иш-чарага келген ата-энелер менен балдар.
Иш-чарага келген ата-энелер жана балдар.
Музыка болгон сайын барпырак көйнөкчөн кыздар ортого түшүп бийлеп жатышты.
Иш-чарага келген ата-энелер менен балдар.
Балдар үчүн ар кандай кызыктуу ийримдер уюштурулду. Өз колу менен буюм жасайм дегендер арбын болду.
Балдар үчүн ар кандай кызыктуу ийримдер уюштурулду. Өз колу менен буюм жасайм дегендер арбын болду.
Иш-чарага келген коноктор.
Иш-чарага келген кичинекей коноктор.
Балдар көп болгондуктан, аттракциондорго кезекке тургандар аябай көп болуп жатты.
Балмуздак алууга кезекке тургандар.
Ленин районунун акими Ырысбек Мааткабылов.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Бул бала апасын жоготуп алып ыйлады, бирок көп өтпөй аны издеп жүргөн апасы келип алып кетти.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Сейил бакка келген балдар да, ата-энелер да көлөкөдө балмуздак жеп отурушту.
Иш-чарага келген эң кичинекей конок.
Балдарга түстүү бор таратылып, алар жерге сүрөт тартышты.
Балдарга түстүү бор таратылып, алар жерге сүрөт тартышты.
Иш-чаранын коногу...
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Бекер таратылган суусундукту алам дегендер арбын болду.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Иш-чаранын сыйлуу коногу...
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Сейил бактын ичиндеги аттракциондордун баарында кезекке турмай болду. Бирок баары тең аларга түшкөнгө жетишти.
Иш-чаранын аягында ар бир балага таттуу белектер таратылды.

Бишкекте бүгүн, 30-майда Ленин районунун аймагында жашаган Апрель окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жетим балдар үчүн “Фламинго” сейил багында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Ага жалпысынан 700гө жакын бала катышты.

Анда концерттик программа уюштурулуп, балдар көтөрүңкү маанайда болушту. Эл көп болгондуктан, айрымдары адашып кетип, ыйлап да калып жатышты.

“Ленин районунун аймагында жашаган 700гө жакын балага майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Чакырылган балдар аталган сейил бактагы аттракциондорго бекер түшүп, балмуздак жана башка жагымдуу нерселерге күбө боло алышат”,- дейт Ленин районун акими Ырысбек Мааткабылов.

Ар бир балага атайын даярдалган 500 сомдук таттуулар тартууланды. Ал эми иш-чарага райондук бюджеттен 350 миң сом сарпталды.

Маалыматка ылайык, аталган райондун аймагында жалпы 8 миңге жакын бала жашайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: