super.kg logo

Индияда жаңы Теленгана штаты ачылды

 

Индиянын түштүгүндө жайгашкан Андхра-Прадеш штаты экиге бөлүнүп, өлкөдө дагы бир штат ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Индиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, жаңы ачылган Теленгана штаты өлкөдөгү 29-штат болуп саналат. Ага 10 район жана Андхра-Прадеш штатындагы эң ири деп саналган Хайдарабад шаары кирди. 

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Индия парламенти Андхра-Прадеш штатын экиге бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Көпчүлүк ишканалардын башкы кеңселери Хайдарабад шаарында жайгашкандыктан, эл арасында буга каршы чыккандар да болгон. Мындан улам бийликтегилер "Хайдарабад шаары 10 жыл аралыгында эки штатка кызмат кылат" деген чечим кабыл алышкан.

Теленгана штатынын аянты - 114 840 чарчы чакырым. Калкынын саны боюнча өлкөдө 12-орунда турат. Учурда анда 35 миллиондон ашык эл жашайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.06.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммммммм индияда майрам экен да анда........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: