Социалдык өнүктүрүү министрлиги: Майып баласы бар, сыртка чыгып иштегенге мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер колдоого алынат
Майып
балдарга кам көргөн ата-энелер мамлекет тарабынан колдоого алынат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда басма сөз жыйынында КРнын
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, майып балдар өз алдынча жашай албайт. Аларды караган адамдар дайыма жанында болуусу зарыл. Анын айынан көп ата-энелер иштебей, эч кандай айлык акы албайт, анын негизинде пенсияга чыга албай калууда.
“Майып балдардын ата-энелери күнү-түнү кам көргөндүктөн, сыртка чыгып иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондон улам Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан алардын эмгегин баалап, колдошубуз керек. Биз бул боюнча атайын иштерди жүргүзүү аракетиндебиз”,- дейт К.Базарбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.