super.kg logo

Алмазбек Атамбаев: “Жусуп Мамай - кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны”

 
Бүгүн, 2-июнда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районун Кызыл-Суу кыргыз автономиялык округунда КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев жетектеген кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышышты.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Данияр Нарымбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан сөз окуп берди.

“Ардактуу кызыл-суулук боордоштор!

Урматтуу замандаштар!

Манас атанын урпактарынын кабыргасы кайышып, ичи ачышып турган кез. Кыргызстан маданияты, жалпы кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Улуу манасчы, Кыргыз Эл Баатыры Жусуп Мамай агабызды акыркы сапарга узатып жатабыз.

“Манас” эпосу – кыргыз элинин эн белгиси. Жусуп Мамай агабыз кылымдардын элегинен өткөн элибиздин ыйык мурасын сактап, муундан-муунга өткөрүп, опол тоодой эмгек аткарды. 

Залкар манасчы менен Кыргызстан эли гана сыймыктанбастан, дүйнө эли суктанып, урматтаган. Манасчы агабыздын айтуусунда кыргыздардын тарыхы, маданияты, салт-санаасы камтылган “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек” “Чигитей” дастандары дүйнө элдеринин маданий казынасын байытты.

Жусуп Мамай - кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны. Кыргызстан менен Кытай элдеринин достук, шериктештик мамилесин, маданий байланыштарын бийик деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон данакер.

Жусуп Мамайдай залкар манасчы кылымда бир жаралат. Жашоонун мыйзамы ушул экен, Жусуп агабыз кайтпас сапарга аттанды. Кош болуңуз, Жусуп ага! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Улуу манасчынын жаркын элеси айкөл Манастын урпактарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.
02.06.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажобузга Алкыш ! Залкар Манасчыга деген Сөзүн ДаныЯр Мырза Аркылуу Уктум . терең Ыраазычылык !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: