super.kg logo

Бишкектеги "Ош базарында" туруктуу соода орундары жок соодагерлер көбөйүүдө (фоторепортаж)

 
Базардын ичинде туруктуу соода орундары жок сатуучулар жол боюнда "араба-дүкөндөрдү" иштетишет.
Байкашымча, базардын айланасында мыйзамсыз соода кылган жаш балдардын да саны арбын.
Араба менен иш кылган соодагерлер.
Арабалардын үстүндө кийим-кечелер, бут кийимдер, тамак-аштар сатылууда.
Ар кайсы жерде картондордун үстүнө товар жайып саткандар да бар.
Азыр кулпунайдын сезону. Ошондуктан базар ичинде кулпунайга толгон арабаларды көп көрүүгө болот.
Араба сүйрөбөй, картон төшөбөй, унаасынын артына товар жүктөп алып саткандар да аз эмес.
Соодагерлердин арабаларынан көп нерсе табууга болот.
Базардын кире беришинде бозо саткандар эч кандай санитардык эрежелерди сактабаганы дароо байкалат.
Жайкы эс алууну текке кетирбей, соода менен алектенген мектеп окуучулары.
Нан саткандар...
Базардын ичиндеги арабалар...
Туруктуу соода орундары жок соодагерлер.
Туруктуу соода орундары жок соодагерлер.
Соодагерлер акча табууда колунан келген ыкмаларын аткарышат.
Туруктуу соода ордулары жоктор араба үстүндө соода-сатык менен алектенүүдө.
Туруктуу соода ордулары жоктор араба үстүндө соода-сатык менен алектенүүдө.
"Көчмө" соодагерлердин бири. Милиция кызматкелери келе жатканда акырын басып кетип калганга оңой.
Араба сүйрөбөй, картон төшөбөй, унаасынын артына товар жүктөп алып саткандар да аз эмес.
Туруктуу соода ордулары жоктор араба үстүндө соода-сатык менен алектенүүдө.
Арабада соода кылгандар...
Базар ичиндеги "көчмө" соодагерлер...
Базар ичиндеги "көчмө" соодагерлер...
Арабада соода кылгандар...

"Ош базарынын" аймагынын ичинде жана анын айланасында туруктуу соода орундары жок соодагерлердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Базардын ичиндеги мыйзамдуу жана мыйзамсыз сатуучулардын көптүгүнөн бут коёрго орун жок.

“Бүгүн милиция кызматкерлери атып үйрөнүүчү жайга кетишкендиктен, баш аламан соода кылган сатуучулардын саны кескин көбөйүп кетти. Биздин негизги жумушубуз - базар ичиндеги коомдук тартипти сактоо. Ал эми сатуучулар менен тиешелүү мекемелер иш алып барууда. Биз тараптан эскертүүлөр берилип, түшүндүрмө иштери жүргүзүлөт. Аларга "мыйзам чегинде иштегиле, орун алып иштегиле" деп эскертүү беребиз”,- дейт аймактык ага тескөөчү Мадияр Сулайманов.

Анын айтымында, ижарага орун алып иштеткен соодагерлер да көп учурда ордун таштап коё калып, ар кайсы жерге барып соода кылышат.

“Жалпысынан базар аймагында ар кандай коляска, арабалар менен соода кылгандардын саны 60-70ти түзөт”,- деп кошумчалады М.Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.06.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60-70тен да коп ото эле. Анан откондо нан саткандар коляскаларын туртуп нандын баарын чачып салышты эле жол толо нан болуп калды. Милициялар келишти эле аларга деле баш беришкен жок, кайра аларды тилдеп туруп кууп жиьеришти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: