Жалал-Абад шаардык мэриясы Ачык эшиктер күнүн өткөрдү
Жалал-Абад мэриясы бүгүн, 4-июнда чоң жыйындар залында
Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан
билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, Ачык эшиктер күнү Жалал-Абад облусунда 23 жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. 1993-жылы БУУ тарабынан атайын ар жылы Социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрүү боюнча токтом жарык көргөн. Жалал-Абад облустук профсоюздар уюму 1991-жылы 4-февралда Ош облусунан бөлүнүп чыгып, өзүнчө уюм болгон.
“Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан Ачык эшиктер күнүнө Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардан 18 кеңешчи келип катышышты. Шаар эли келип, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты”,- дейт профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасынын орун басары Латипжан Ахмадалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.