Темир Сариев Катардын экономика министри менен жолугуп, экономикалык, соода кызматташтык жөнүндөгү келишимге кол койду
Доха шаарында кечээ, 3-июнда Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Катар мамлекетинин
экономика жана соода министри Ахмед бен Жасем Мухаммед Аль Тани шейх менен
жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан
билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, жолугушуунун
жүрүшүндө эки тарап кыргыз-катар соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү
маселелерин талкуулашып, КРнын жана Катар мамлекетинин өкмөттөр аралык экономикалык,
соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө келишимине кол коюшту.
Эске салсак, аталган келишим демилгеси 2010-жылы Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн жана соода-экономикалык, ошондой эле өнөр жай, энергетика, айыл чарба, транспорт жана коммуникация, курулуш, туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты да камтыйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.