super.kg logo

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде III Эл аралык коммуникация симпозиуму өтөт

 
5-7-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети тарабынан «Стратегиялык коммуникация башкаруусу» аттуу III Эл аралык коммуникация симпозиуму өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Симпозиумдун максаты - телеологиялык көз караш боюнча, “адамдын жүрүм-турумунун негизинде максаттуулук, башкача айтканда, телеология турат” деген гипотезанын алкагында адамдын жүрүм-турумун өзгөртүүгө, таасирлентүүгө багытталган коммуникациялык изилдөөлөрдү стратегиялык деңгээлде колдонуу жана жетектөө, коммуникация илимине өзгөчө бир келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошуу болуп саналат. 

Иш-чаранын негизги темалары стратегиялык көз караштагы коммуникациялык изилдөөлөрдүн бардык тармактарынан сырткары, айрыкча дипломатия, башкаруу илимдери жана маркетингдик коммуникация тармактарындагы изилдөөлөр түзмөкчү.

Ага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар катышат. Симпозиумдун алкагында «ИЛДЕК-2014» аттуу 22-коммуникация факультетинин декандарынын жыйналышы да болуп өтүүсү пландалууда. 

"1992-жылдан бери Түркиядагы университеттердин коммуникация факультеттери тарабынан өткөрүлүп келген бул жыйналыштын кезектегиси Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети тарабынан уюштурулуп жатат. Аталган жыйналышта коммуникация тармагындагы билим берүү, аккредитация, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо сыяктуу темалар каралат. Мурдагы жыйналыштардан айырмаланып, бул жыйналышта Кыргызстандагы журналистика тармактарында билим берген факультеттердин декандарынын да катышуусу күтүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: