super.kg logo

Акысыз медициналык текшерүүдөн 36 миңден ашуун айымдын 8 миңден ашыгы ар кандай ооруларга чалдыкканы аныкталды

 
Энелер күнүнө карата май айынын аягына чейин өткөн акысыз медициналык кароодон Бишкек шаары боюнча 36 200 айым текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин дарыгери Раиса Асылбашева билдирди.

“Медициналык текшерүүдөн өткөн айымдардын ичинен 8700үндө ар кандай оорулар катталды. 3700ү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун каттоосуна тургузулду. Акысыз кароого келгендерге карата цитологиялык жана онкологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, сүт бездеринин рак ооруларын аныктоо боюнча 11 миң аял текшерилди. Тиешелүү адистерге кеңеш алуу үчүн 5 миң айым кайрылды”,- дейт Р.Асылбашева.

Дарыгердин айтымына караганда, медициналык кароонун алкагында 750 айым кальпоскопиядан (жатындын моюнчасынын рагын аныктоо) өттү.

“Ошондой эле 800 айымга бойго бүтүүдөн сактоочу спиралдар коюлду. 21 айымга бойго бүтүрбөөчү ийне сайылды. 3100 айым бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттар менен камсыз болду”,- деп кошумчалайт дарыгер.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: