super.kg logo

Оштун "ENACTUS" командасы “Жылдын эдвайзери” номинациясын жеңип алды

 

Ош мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган "ENACTUS" командасы Бишкек шаарындагы "Хаятт" резиденциясында өткөн КРнын ЖОЖдорунун командалары катышкан "ENACTUS Кыргызстан – 2014" улуттук мелдешинде “Жылдын эдвайзери” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Финалга чыккан Кыргыз-Орус Славян университетинин (КОСУ), Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ), Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА), Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) командалары окуу жылынын ичинде ишке ашырган бизнес-долбоорлорун Кыргызстандын алдынкы бизнес компанияларынын жетекчилеринен турган калыстардын алдында тааныштырып, коргоп беришти.

ОшМУнун "ENACTUS" командасынын жетекчиси (эдвайзери), Магистратура департаментинин директору Эрлан Камаловдун айтымында, 2013-2014-окуу жылында ОшМУнун студенттери 5 алдынкы бизнес, социалдык жана экологиялык багыттагы долбоорлорун алып чыгышкан. Алар: “Кийиз Brand”, “Оп майда”, “Конок-сервис”, “Тынчтыктын дарагы” жана “Бактын ханышасы” долбоорлору. Бул долбоорлор элдин арасында бизнестин концепцияларын жайылтууга жана жарандарыбыздын ишкердик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Кыргыз-Орус Славян университети, 2-орунду Ош мамлекеттик университети, 3-орунду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, 4-орунду Кыргыз-Түрк "Манас" университети ээледи.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинин командасы Мексиканын Канкун шаарында өткөн "ENACTUS-2013" Дүйнөлүк Кубогуна катышып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: