Ысык-Көл облусундагы Челпек айылында жаңы мектеп ачылды



Кечээ, 3-июнда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ак-Суу районунун акимчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Челпек айылында буга чейин мектеп болбогондуктан, айылдын балдары Каракол шаарына коомдук транспорт менен каттап окушчу. Жаңы курулган мектептин жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде 10 класстык бөлмө, мугалимдер бөлмөсү жана директордун кабинети тиешелүү эмеректер менен толтурулган. Андан сырткары окуучулардын тамак-ашы үчүн да атайын бөлмө бар. Бул жайга 450дөй окуучу батат. Кошумчалай кетсек, мектеп Катар мамлекетиндеги RAF фондунун көмөгү астында бүткөрүлгөн. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
talant87

04.06.2014. 22:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектеп кандай сонун жаны салынса анданда сонун эхх кадырына жетиш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.