super.kg logo

“Ала-Арча” көрүстөнүндө 3-4 жылга эсептелинген гана орун калды (фоторепортаж)

 
"Ала-Арча" көрүстөнүндө миңге жакын залкар инсандын сөөгү коюлган.
Апрель айында каза болгон коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаковдун бейити.
Көрүстөндө 3-4 жылга эсептелинген эле орун калганы маалым болду.
Илимпоз Сабирдин Турсун уулунун жана анын жубайына ырасталган эстелик.
Залкар адамдардын кош эстеликтери.
Алиаскар Токтоналиев Союз доорунда каржы министри болуп эмгектенген.
Жазуучу Касымалы Баялиновдун эстелиги менен жубайынын эстелиги жанаша коюлган.
Көрүстөнгө белгилүү мамлекеттик кызматкерлердин да сөөгү коюлуп келет.
Залкар инсандарга коюлган эстеликтер.
Көзү өтүп кеткен залкар адамдардын жанына өмүрлүк жубайлары да коюлган.
Көрүстөндө жалаң гана кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын сөөктөрү коюлган.
Аза күтүү кызматынын директору Болот Карамуратов
Композитор, КРнын Гимнинин обонун жараткан Насыр Давлесовдун эстелиги.
"Өрүшүң толгон мураска, өмүрүң арнап Манаска. Дүйнөдөн өтүп кетсең да, өчпөсүн атың кыргызда" деген ыр саптары жазылган белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бейити.
Көрүстөнгө жалаң гана кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын сөөктөрү коюлган.
Кыргыз Эл жазуучусу Асанбек Стамов.
2005-жылы Ак үйдүн жанында окко учкан Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге тургузулган эстелик.
Көрүстөндүн ичинде атайын аймактар бөлүнгөн. Мисалы, мамлекеттик кызматкерлердин сөөктөрү бир тарапта орун алса, маданият өкүлдөрүнүн сөөктөрү башка жайларга коюлган.
Көрүстөндүн ичинде атайын аймактар бөлүнгөн. Мисалы, мамлекеттик кызматкерлердин сөөктөрү бир тарапта орун алса, маданият өкүлдөрүнүн сөөктөрү башка жайларга коюлган.
Борбор калаада беш көрүстөн бар. Анын ичинен экөө толуп калгандыктан жабылган. Учурда үчүнчүсү да толуп, жер маселеси курчуп турган кез.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында каза болгон залкар талант, КРнын Эл артисти Бакирдин Алиевдин коюлган жери.
КРнын Эл артисти, киноакадемик Болот Бейшеналиевдин бейити.
Сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги.
Жакынкы аралыкта тургузулган эстеликтердин бири КРнын Эл артисти Сабира Күмүшалиевага тургузулган. Ал 2007-жылы өмүрү менен коштошкон.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима Айтматова да ушул көрүстөнгө коюлган. Анын күмбөзүнө кошо жолдошу, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун да эстелиги тургузулган.
Манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги.
"Бул жерде мен, анан 4 бала иштейт. Жумуш көп, жайдын күнү дагы жай казган оңой, ал эми кыштын күнү жер казуу өтө татаал. Балдардын айлыгы 3200 сомду түзөт. Ушул маселеге көңүл бурулса жакшы болот эле",- дейт "Ала-Арча" көрүстөнүнүн башчысы Ажара Шамбетова.

“Ала-Арча” көрүстөнүнө белгилүү мусулман инсандарынын сөөгү бир гана өкмөттүн уруксаты менен коюлат. Бирок айрым чыгаан инсандардын сөөгү киндик каны тамган жерлерине коюлууда. Союз убагынан бери “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргызстандын миңге жакын белгилүү инсандарынын сөөктөрү коюлган”,- деп SUPER.KG порталына Аза күтүү кызматынын директору Болот Карамуратов билдирди.

Көрүстөндүн жалпы аянты 31 гектар. Бир маркум үчүн 10 чарчы метр жер бөлүнөт. Бирок айрымдарынын эстеликтери чоң көлөмдө болгондуктан, алардын аянты чегинен ашып кетүүдө.   

“Эгерде каза тапкан белгилүү инсандын жубайы же жолдошу да белгилүү инсан болсо, ага жер бөлүнгөндө дароо эки жер бөлүнөт. Себеби кийин кайра орун бөлүштүрбөй, күйөөсү-аялы жанаша коюлсун деген максатта”,- дейт Б.Карамуратов.

Борбор калаадагы тарыхый мемориалдык “Ала-Арча” көрүстөнү 1940-жылы негизделген. Ал эми 1973-жылы атайы бөлүнгөн аймакта орун жок калгандыктан, расмий түрдө жабылган. Ошол эле жылы аталган көрүстөнгө кошумча жер аянты бөлүнүп, ал кайрадан ишке кирген. Бүгүнкү күндө аталган жайда калган бош орундар 3-4 жылга гана эсептелинген.

Аза күтүү кызматынын жетекчисинин айтымында, учурда жер маселеси курчууда. Айрым көрүстөндөрдө орун жок калып, жабылууда. Ошол эле Чоң-Арыктагы көрүстөндө бүгүнкү күндө орун жок. Сөөк коюу үчүн тоонун боорунан орун берилген. Бирок ал жакка эч ким жакынын койгусу келбейт. Себеби ал жакка чыгып кайра түшүүдө, унаанын чыгуусунда бир катар кыйынчылыктар катталат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
04.06.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сабирдин турсун уулунун жана анын жубайына ырасталган кумбоз дегени эмнеси??? алдын ала ушинтип жай алып койсо боло береби???????????
04.06.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ermekbaevna, Азыркы убакта Кыргызстанда адамды комуш учун жер жок,болсо да 800 ден 3000 долларга чейин акча толошун керек,ал аз келгенсип баалары кундон-кунго осуп жатат,Элдер ошондуктан арзан кезинде сатып алып жатышат.
05.06.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ermekbaevna, Анын жубайы тируу го,козу откондон кийин жанына коюлат окшойт.Баарын эле ошентип жанаша коюшуптурго.
04.06.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурзо-шаар!
04.06.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шашылыныздар дегендей эле го!
04.06.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Белгилуу инсан болсо эле 10 чарчы метрди элеп алабы? Мындайды Аллахда жактырбайт. Жакшы тилек жарым ырыс дегендей, баарына бирдей болунуш керек.
04.06.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ала-арча көрүстөнүндө эмне түз эле бейишке барабы?Ал жерге залкар инсандардын сөөгү гана коюлчу.Эми өлө элек аялдарына да жер алып алганы туура эмесго.Ал жердин топурагы да башка жердин топурагындай эле.Ал эми кээ бир эстеликтер чоң жасалып калган.Андан көрө ушул залкар инсандардын эстелигин шаарга коюшса,көрк берип турмак жана ал адамды көбү таанымак.
04.06.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарыбыз эле 4чарчы метр жерге барабыз го, ал жер неге сатылат
05.06.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куудулдар айткандай топурагы торко болсо керек да. Бакирдин Алиевдин жайы эн соонун экен 4х4 аран чыкса керек. Менин укканым боюнча мурзонун кимдики экени билинбей калса ошол жерде жаткан маркумга сооп болот деп.
05.06.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Музейго озунчо эле баалары укмуш атанкорууууу.
Азыр олгон да озунчо той болуп калыптырда а паланча минге жер сатып алса паланча минге эстелик сестелик жатаса охрана койуп койушсун бир жолу.Ошол жерге комулсо туз бейишке жолдомо ала тургансып кызык эле адамдар
05.06.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу шарията сурот эстелик койсо болбойт дейтго. Кырк жылдын ичинде комулгон жери билинбей кетсе откон адамга сооп болот деп укам. Булардын эстелиги кыр жыл эмес 400жыл турса керек. Бирок анткен менен атан апан болгондон кийин кылгын келетда бизда атабызга жылдыка эстелик койобуз деп жатабыз.
05.06.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жердин баары кара топурак, анын айрымасы энеде экен ? Байбы кедейиби кара жерге көмүлөт го. Булар өлбөй жатып, мен орун сатып алам дегендер го. Кудай сакта, туулган жерге чоң ата өз аталардын жанына эле көмүлгүсү келбейби тооба.
Mukay түзөттү 05.06.2014 03:09
05.06.2014. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурзо деген мынчалык шаар сымал болбош керек эле. Соокту коюп устуно тонналаган ташты коюнун ордуна топурак менен уйо комуп жанына кочот отургузуп койсо сообу жакшы болмок. Эми айла жок да ар ким оз каалосун кылат экен да.
05.06.2014. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozu kgdrn bashka olkolordo but eke ozudorunun gorun satip alishat mysaly turkiyada kachan gana ishtep bashtaganda ele ozunun gorun satyp alyshat
05.06.2014. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурзо эмес "эстеликтер галереясы" болуп калыптырго. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун.
05.06.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстелик таш паштын оордуна бир туп кара жыгач же арча орнотсо сооп болот деп уккан элем болбосо айланасын жыгач менен тосуу керек экен.Азыр каякта турмодон айырмасы жок кылып коргондошот
05.06.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун,ылайым баарыбызга АЛЛА ТААЛАМ узак омур берсин,бардыгынын соогу киндик каны тамган жеринеле койулса жакшы болмок
05.06.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо олсонда болушот экен да байлар бул корустонго кедейлер бул жакка деп ээ кудай озун сакта кандай заманда жашап жатабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: