"Жазгы талаа иштери план боюнча аткарылып, ийгиликтүү өтүүдө" дейт вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев
"Буудайды 131 900 гектар жерге айдоо пландаштырылган. Анын 130 миң гектарына буудай эгилди. Ошентип, план толугу менен аткарылды десек болот",- деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, арпа бул жылы 5300 гектарга көп эгилип, жалпы аянты 142 миң гектарга жетти. "Жүгөрү, жашылча, картошка пландары негизинен аткарылды. Төө буурчак республика боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 9 миң гектарга көп себилди. Былтыр 48 миң гектар болчу. Кант кызылчасы 7300 гектарга себилди. Былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 300 гектарга көп",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.