super.kg logo

Тайырбек Сарпашев: "Талды-Булак-Сол-Жээк" алтын кениндеги чыр-чатак токтотулган"

 
"Алтын-Кен" ишканасынын "Талды-Булак-Сол-Жээк" кенинде жаңжал токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди.
Айтымында, 2014-жылдын 29-майында аталган кендин кызматкерлери айлык акыны көтөрүү талабы менен ишин токтотушкан. "Алтын-Кендин" жетекчилиги айлык акыны көтөрүүнү июль айына пландаштырган. Тилекке каршы, айрым күчтөр жумушчулардын арасында агитация жүргүзүп, "азыр чыкпасаңар, анан кеч болуп калат" деп үгүттөшкөн. Мен ушул ишкананын жетекчилигине "Кыргызстандын жарандарынын айлык маянасын көтөргүлө" деп талап койгом. Алар макул болушкан. Бүгүнкү күнү айлыктар көтөрүлдү, ишкана толугу менен иштеп жатат",- деди биринчи вице-премьер-министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: