Акыйкатчы институтунда кыйноо фактыларын күбөлөндүрүүчү ыкчам аракеттенүүчү комиссия түзүлдү
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев өзүнүн буйругуна ылайык, кыйноо
фактылары боюнча борбордук аппаратта жана анын аймактык
өкүлчүлүктөрүнүн алдында ыкчам аракеттенүүчү атайын комиссия түздү. Бул
тууралуу бүгүн, 5-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, атайын комиссиянын курамына акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринен сырткары ага тажрыйбалуу юристтер да кирмекчи. Атайын комиссия кыйноо фактылары болгон учурда ыкчам аракеттенип, кыйноо фактыларын фото жана видеого, ошондой эле диктофондорго жазып алышат.
“Бул комиссиядагы маанилүү звено болуп эксперт катары көз карандысыз, квалификациялуу медиктердин тартылышы эсептелет. Анткени кыйноо фактылары медициналык жактан кеч күбөлөндүрүлгөндүктөн, кыйноонун изи, дене бойдогу көктөр, сабоонун издери билинбей калып, кыйноону колдонгондорго карата кылмыш ишин козгоого далил аз болууда”,- дейт Б.Аманбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.