Жаза аткаруу кызматы: "Сот залынан өз өмүрүнө кол салуу боюнча кызматтык тергөө амалдары жүргүзүлөт"
Бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда соттун отурумунун жүрүшүндө "3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип жаткан Үсөн Сакатаевдин өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кызматтык тергөө амалдарын жүргүзөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, мындан тышкары бул иш прокуратурага өткөрүлүшү мүмкүн.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Ү.Сакатаев "3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.