super.kg logo

Эльвира Сариева улуу манасчы Жусуп Мамайдын элесине арналган иш-чаралар өтөрүн айтты

 
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 5-июнда Жусуп Мамайдын элесине арналган иш-чараларды өткөрүү тууралуу чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Жусуп Мамай жаратылыштан манасчылык өнөрдүн ээси, заманыбыздын даанышман адамы болгон. Анын кыргыз элине жана дүйнө коомчулугуна зор эмгеги үчүн баа берүү оңой эмес. Ал өз өмүрүн биздин көөнөрбөс дөөлөтүбүз "Манас" эпосун муундан-муунга айтып жеткирүүгө чоң салым кошту",- деди Сариева.

Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып келип, вице-премьер-министр Эльвира Сариева улуу манасчынын элесине арналган иш-чаралар өтөрүн белгиледи.

"Кыргызстандыктар жерге берүү зыйнатына катыша албай калышты. Кыргыз өкмөтү залкар манасчынын элесине арналган иш-чараларды быйыл да, келерки жылы да өткөрүүнү пландап жатат",- деди вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: