super.kg logo

Ош шаарынын мэри Америка президентинин администрациясынын жооптуу кызматкерин кабыл алды

 

5-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын эмгек, адам укугу жана демократия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Каренж Ханрахан жана АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда адам укугун коргоо, Ош шаарындагы улуттар аралык мамилени чыңдоо багытында алып барылып жаткан иштер, коомдун өсүшү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Өз кезегинде калаа башчысы 2010-жылкы коогалаңдан кийин кайра калыбына келтирүү жумуштары жана учурда улут аралык мамилелерди чыңдоо багытында мэрия тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Ал эми келген меймандар иштиктүү жолугушуу үчүн Ош шаар башчыларына ыраазычылык билдирип, пайдалуу кызматташуу уланарын айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: