super.kg logo

Ош шаардык мэриясы коопсуздук маселесин талкуулады

 

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укук-тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны 5-июнда өткөрүлдү. Жыйынды Координациялык кеңештин төрагасы Айтмамат Кадырбаев ачып, шаардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат берүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилери чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мэриядан билдиришти.

КРнын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлакин Арзиев жана Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев баяндама жасап, учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.

Шаардагы коопсуздукту бекемдөө иретинде, айрыкча улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, терроризм, диний экстремизмге каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдарынын, шаардык бийликтин, аймактык кеңештердин, жаштар, аялдар, акскалдар уюмдарынын, бейөкмөт уюмдардын биргелешкен аракеттери зарыл экени белгиленди. Координациялык кеңештин чечими чыгып, аткарууга жооптуу адамдар бекитилди.

Жыйында негизинен беш маселе каралды. Алар: коомдук коопсуздук, мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери, свет жана газ маселеси, жалпы шаар ичинде жана муниципалдык унаа базарында улуттар арасындагы мамилени чыңдоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: