Нарын облусунда өткөн "Мыкты дин кызматкери" сынагынын жеңүүчүлөрүнө ажылык сапарга бекер жолдомо берилет
Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругуна ылайык, аталган аймактагы дин кызматкерлери үчүн март айында сынак жарыяланган. Ал эми 25-июнь күнү сынактын жеңүүчүлөрүнө ажылык сапарга бекер жолдомолор берилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта “Үлгүлүү райондук башкы имам”, “Үлгүлүү имам” жана “Мыкты мечит” сынактары жарыяланган. Аны көзөмөлдөөчү атайын комиссия да түзүлгөн.
Муфтияттан билдиргендей, сынактын негизги максаты - аймактагы дин кызматкерлеринин мындан да жемиштүү иштөөсүнө өбөлгө түзүү. Атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү чечимдерин облус аймагындагы 5 райондогу ар бир айылга барып чыккан соң чыгарат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.