2014-жылдын туристтик сезонунда чет өлкөдөн келчү туристтер үчүн көзөмөл-өткөрүүчү жайларда кошумча паспорттук бөлүмдөр ачылат
2014-жылдын туристтик сезонунда Кыргызстанга чет өлкөдөн келе турган жарандар үчүн чек аралардагы көзөмөл-өткөрүүчү жайларда кошумча паспорттук бөлүмдөр ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда маалымат жыйынында Чек ара көзөмөл башкармалыгынын паспорттук-визалык маалымат жана анализ бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын туристтик сезондун башталышынын алдында туристтик уюмдар менен жолугушуулар өтөт. “Башка мезгилдерде көзөмөл-өткөрүүчү жайлардан 10-15 миң адам өтсө, жайкы сезондо бул көрсөткүч 3 эсе көбөйүп, 20-30 миңге жетет. Паспорттук бөлүмдөрдөн өтүүнү көп күттүрбөй, тез ылдамдыкта бүтүрүүгө аракет кылабыз”,- деди Исмаилова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2025-11-05
23:31
2025-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















