Өлкөдө Куран жарышы жыйынтыкталып, мыктыларына Сауд Арабиясында өтө турган Куран жарышка жолдомолор берилди

Борбордук мечитте республикалык масштабдагы Куран жарышы жыйынтыкталып, эӊ мыктыларына ноябрь айында Сауд Арабия
мамлекетинде боло турган Куран жарышына жолдомо ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн,
16-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Муфтияттын басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу жайлар, карылар жана балдар үйү бөлүмү уюштурган Куран жарыш мелдеши өткөрүлгөн. Аталган жарыш алгач облустарда өз алдынча уюштурулуп, алардын жеңүүчүлөрү финалдык жарышка жолдомо алышкан.
Мелдештин жыйынтыгында ар бир номинация боюнча 1, 2, 3-орундарга ээ болушкан жеңүүчүлөргө сыйлуу белектер берилип, эң мыктыларына Сауд Арабия мамлекетинде боло турган Куран жарышына жолдомолор ыйгарылды. Андан тышкары Сауд Арабиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдуррахман бин Саид бин Мухаммед Аль Жума 2 жеңүүчүгө ажылыкка сапарга жолдомосун элчиликтин атынан убада кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.