super.kg logo

Түркиянын полиция кызматкерлери Бишкекте тартипсиздиктин алдын алуу боюнча лекция окушту

 
Түркиянын полиция кызматкерлери Бишкекте тартипсиздиктин алдын алуу боюнча лекция окушту. Аталган курска кыргызстандык 14 кызматкер катышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы ТИКА башкармалыгы тарабынан “Эл аралык полиция кызматташтыгы тармагында билим берүү” долбоорунун негизинде күч органдарынын кызматкерлерине бир жумалык курс уюштурулган.

Түркиянын полиция кызматкерлери “Топтошкон көтөрүлүш жана тартипсиздиктердин алдын алуу” темасында лекция окушту. Курстун жыйынтыктоо бөлүгүндө кызматкерлер үйрөнгөн кыймылдарды практика жүзүндө кайталашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: