Жалал-Абад - Казарман жолу тазалоо иштеринен кийин кайра ачылды
Жалал-Абад - Казарман жолу 15-июнда убактылуу жабылган. Тазалоо иштеринен кийин аталган жол каттамы кайра ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ӨКМнын басма сөз
кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо
районунда 15-июнь күнү саат 16:15 чамасында Жалал-Абад - Казарман
унаа жолунун 66-73-85-86-чакырымдарында кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен
шагыл агып түшүп, жолду жаап калган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Тазалоо иштерине ЖЭМ-31 ишканасынан 1 грейдер, 1 бульдозер жана 1 жеке менчик жүктөгүч тартылып, бүгүн саат 15:30да жол каттамы ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.