super.kg logo

Ош. Чет өлкөдөгү мигранттардын ВИЧ, кургак учук сыяктуу ооруларды жугузуп алышы талкууланат

 
Ош шаарында 21-июнь күнү миграция маселесинин алкагында мигранттардын эмгек укугунун корголушу жөнүндө көчмө жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Акылбек Ташбулатов билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Эмгек, миграция жана жаштар, Тышкы иштер министрликтеринин, Ош шаардык жана Ош облустук өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, СПИД борборунун, ошондой эле райондук, шаардык жана кичи коомдук кеңештердин өкүлдөрү, «Борбордук Азия кыймылы» платформасынын мүчөлөрү, эксперттер жана мигранттардын үй-бүлөлөрү катышат.
Маалым болгондой, Ош облусу жана Ош шаары миграциялык абал күч алган аймакка кирет. Ар жылы Ош облусу боюнча 80-100 миң адам эмгек миграциясында кошуна өлкөлөрдө жүрөт. Алардын 75-80 пайызы Орусия Федерациясында, Казакстанда 20 пайыз жана 3 пайызы башка өлкөлөрдө жүрөт. Ошону менен бирге ВИЧ, кургак учук сыяктуу ооруларын жугузуп алгандар да бар.
Буга байланыштуу жыйындын алкагында алдын алуу жана дарылоо иштери каралат. Андан сырткары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте жарандык секторлордун биргелешип иштешүүсүн жакшыртуу талкууга алынат. 
Иш-чара Эл аралык "Коргоого көмөктөшүү" борбору жана Социалдык-экономикалык өнүгүү институту тарабынан уюштурулуп, «Миграциялык саясатка карата эффективдүү жол» долбоорунун алкагында өтүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: