Нью-Йоркто даарат кагазынан жасалган үлпөт көйнөктөрүнүн көргөзмөсү болуп өттү














Британияда эл арасында бактылуу болуу үчүн үлпөт тоюнда келин 4 нерсени кийиши керек деп айтылат. Алар: кайсы бир эски кийим, жаңы кийим, бирөөдөн сурап турган жана көк кийим. Бирок мындай ишенимдер америкалыктарды айланып өткөндөй.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Июнь айынын ортосунда Нью-Йорк шаарында онунчу жолу үлпөт көйнөктөрүнүн, болгондо да даарат кагазынан жасалган көйнөктөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Иш-чара үлпөт тойлордо кызмат көрсөтүп келген ишкана тарабынан уюштурулуп, көйнөктөрдү жасоодо даарат кагазынан сырткары клей, скотч жана жип колдонууга уруксат берилген.
Дизайнерлер үлпөт көйнөгү кандай болушу керектигин иш жүзүндө көрсөтүшүп, керек болгон аксессуарларга чейин даярдашкан. Өзгөчө татаалдыктар менен жасалган көйнөктөр сынакка коюлуп, анда 28 жаштагы Сьюзан Бреннан жеңишке жеткен. 10 миң доллар акчалай сыйлык алган Сьюзан 1 айдын ичинде 20 түрмөк даарат кагазынан үлпөт көйнөгүн жасаганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Aisuluu7

23.06.2014. 16:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Вау" дей турган койноктор го.
Kara_kyrgyz

23.06.2014. 16:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биздеги даарат кагаздар менен тиксе драп пальто болуп калса керек ээ калын болуп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.