Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 24-июнда Бишкек шаарынын айрым аймактарында саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Элебесов, Менделеев, Маяковский, Панфилов көчөлөрүндө, Больничный туюк көчөсүндө, Мичурин, Сеченов, Черкесский, Нарын, Таймырск, Корченск тар көчөлөрүндө, Учкун (Чымылдык көчөсү) жана Келечек (7, 8, 9, 10, 11-көчөлөрүндө) жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.
Маалыматка ылайык, бул күнү "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.