Улан Примов Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу менен жолугушту
Бүгүн, 24-июнда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу У Инцин менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Ага КЭРдин Башкы консулунун биринчи катчысы Ван Лицзю, Чжэн Хэнган жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө экономика тармагында, Ош шаары жана Кытайдын ортосундагы ишкердүүлүк, республиканын түштүгүндө жашагандардын виза алуусун жеңилдетүү маселелери каралды.
"Улан Примов Кытай Республикасынын өкүлүнө кыргыз эли менен кытай элинин ортосундагы мамилени бир туугандардын мамилесиндей кылуу сунушун киргизди. Ал эми башкы консул бул сунушту жылуу кабыл алды" деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.